Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-июлу № 209
2009-жылдын 13-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасына берилген кредиттер боюнча 2009-жылдын 1-мартына чейин Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун алдында жоюлууга тийиш болгон суммаларды жөнгө салуу боюнча финансылык атайын чараларга карата
өз ара түшүнүшүү Меморандумун ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2009-жылдын 13-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасына берилген кредиттер боюнча 2009-жылдын 1-мартына чейин Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун алдында жоюлууга тийиш болгон суммаларды жөнгө салуу боюнча финансылык атайын чараларга карата өз ара түшүнүшүү Меморандуму ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт Фонду тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |