| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпа буйругуна ылайык) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
______________________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
КАЛКЫНЫН САНЫ 5000ГЕ ЧЕЙИНКИ КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫ
ЖАНА РЕКРЕАЦИЯ ОБЪЕКТИЛЕРИНИН САРКЫНДЫ СУУЛАРЫН
ЧЫГАРУУ. ДОЛБООРЛОО ЧЕНЕМДЕРИ
Водоотведение населенных пунктов с численностью
до 5000 жителей и объектов рекреации. Нормы проектирования
Water discharge of settlements with up to 5000 residents and recreational facilities. Design standards
Биринчи жолу иштелип чыккан
_____________________________________________________________________
| Ишке киргизүү датасы – 2023.__.__ |
1 Жалпы ченемдер
Колдонулуу аймагы
1 Бул курулуш ченемдери калкынын саны 5000 жашоочудан кѳп эмес айылдык калктуу конуштардагы жана шаар тибиндеги поселкалардагы жана да Кыргыз Республикасынын рекреация объектилериндеги аз кабаттуу жана коттедждик курулуштары менен жаңы райондордун саркынды сууларын чыгарууну жана да сууну керектѳѳчүгѳ агынды суулардын ишенимдүү тазалануусун регламенттешет. Сунушталып жаткан технологияларды жана жабдууларды Кыргыз республикасынын анык калктуу конуштарына аларды сейсмологиялык, гидрогеологиялык жана инженердик-геологиялык шарттары боюнча райондоштуруунун негизинде ыкташтыруу зарыл.
2 Бул курулуш ченемдери жашоочуларынын саны 5000ге чейинки айылдык калктуу конуштардагы жана поселкалардагы жана да Кыргыз Республикасынын рекреация объектилериндеги аз кабаттуу жана коттедждик курулуштары менен райондордун саркынды сууларды чыгаруу системасын долбоорлоонун, куруунун жана реконструкциялоонун жалпы тартибин орнотот.
3 Аз кабаттуу жана коттедждик турак үй курулуш объектилерине тийиштүүлүктѳ болушат:
- жекече 1÷2 кабат үйлѳр;
- ѳз алдынча турган 3÷4 кабат үйлѳр;
- жеке кѳмѳкчү чарбалар жана фермалар;
- коттедждер тобу;
- жашоочулары 5000ге чейин поселкалар (мунун ичинде коттедждик жана дачалык).
4 Бул курулуш ченемдеринин жоболору башкаруу жана кѳзѳмѳл органдары, Кыргыз Республикасындагы турак жай курулуштарынын саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоону жана курууну жүзѳгѳ ашыруучу, менчиктин формасынан жана тийиштүүлүктѳн кѳз карандысыз жана да бул системалар үчүн жабдууларды ѳндүрүп чыгаруучу ишканалар, уюмдар жана бирикмелер үчүн милдеттүү.
1.2 Ченемдик шилтемелер
1 Бул курулуштук ченемдер А тиркемесинде келтирилген Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу ченемдик-техникалык документтердин негизги талаптарын кѳңүлгѳ алуу менен иштелип чыгылды жана колдонуудагы ченемдик техникалык документтерге, ошондой эле жаңы ченемдик-техникалык документтердин же айрым алардын жоболорунун иш-аракетине кошумчалоолорду жана ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүдѳ корректировкаланууга чектелгени ылайык.
2 Тазалоочу түзүлүштѳрдүн бардык түрлѳрүн долбоорлоо жана куруу Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына, курулуш ченемдерине, эрежелерине жана МАМСТга ылайык жүзѳгѳ ашырылуусу керек.
3 Саркынды суулар чыгаруу системаларында колдонулуучу материалдар жана жабдуулар курулуштук ченемдердин, мамлекеттик стандарттардын талаптарына туура келиши жана да сапат жана ылайык келүү сертификаттарына ээлик кылуулары керек.
4 Саркынды сууларды чыгаруу системаларына кирүүчү чарбалык-тиричиликтик агынды сууларды тазалоо үчүн модулдук жоболордун сертификациясы милдеттүү жана КМС 21-40.02 ченемдерине ылайык технологиялык кѳрсѳткүчтѳр боюнча жүзѳгѳ ашырылуусу керек.
5 Ылайык келүүгѳ (технологиялык) сертификат жана гигиеналык сертификат сертификациялык борборлор тарабынан берилет жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын саркынды сууларды чыгаруу системаларында сууну тазалоочу түзүлүштѳрдү колдонуунун жол берилгистиги тууралуу чечимди кабыл алуусу үчүн негиз болуп эсептелишет.
1.3 Терминдер жана аныктамалар
1 Бул ченемдерде терминдер жана аныктамалар МАМСТ 17.1.1.03, МАМСТ 17.1.1.03, МАМСТ 25150 боюнча колдонулат.
2 Кошумча түшүндүрүүлѳрдү 6-бѳлүм «Негизги түшүнүктѳр жана аныктамалардан» караңыз.
1.4 Жалпы жоболор
1 Саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоодо жана курууда заказчыларга, долбоордук жана подряддык уюмдарга ушул курулуштук ченемдердин талаптарына ылайык толук заводдук даярдыктагы түзүлүштѳргѳ (модулдарга) артыкчылык берүү менен, алдыңкы технологиялардын заманбап жетишкендиктеринен чыгып аракетте болуусу зарыл.
2 Агынды сууларды тазалоо боюнча технологиялардын динамикалуу ѳнүгүүсүнѳ байланыштуу, түзүлүштѳрдүн технологиялык бѳтѳнчѳлүктѳрүнүн дайымкы ѳркүндѳтүлүүсүнѳн жана ѳзгѳртүлүүсүнѳн улам Кыргыз Республикасынын тазаланган агынды сууларды курчап турган чѳйрѳгѳ коопсуз агызып чыгарылышын камсыз кылуучу ченемдерине ылайык тазаланган агынды суулардын түпкү кѳрсѳткүчтѳрүнүн жабдылышына карата жеткирүүчүнүн кепилдигинде жаңы иш практикаларын колдонууга жол берилет.
3 Саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоодо жана курууда, ушул курулуш ченемдерин жетекчиликке алуу менен, тиешелүү негиздеме менен жана жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырууну эске алып тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча заманбап чет өлкөлүк технологиялар жана жабдуулар колдонулушу мүмкүн.
4 Саркынды сууларды чыгаруу системасынын долбоорлорун жер астындагы суулардын жана сугат сууларынын запастарын толуктоо максатында тазаланган агынды сууларды пайдалануу мүмкүндүгүн кароо менен катар, суу менен камсыз кылуу долбоорлору менен бир учурда иштеп чыгуу зарыл.
5 Саркынды сууларды чыгаруунун жана агынды сууларды тазалоонун борборлоштурулбаган системаларын саркынды сууларды чыгаруу системалары дээрлик жок жерлерде жигердүү колдонуу ылайык.
6 Саркынды сууларды чыгаруу системаларын тандоону турак үйлүк аз кабаттуу жана коттедждик курулуш объектисинен кѳз карандысыздыкта жүргүзгѳн ылайык:
- саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системалары 200 адамдан кѳбүрѳѳк жашоочуларынын саны менен бир же бир нече чакан калктуу конуштар үчүн долбоорлонгону ылайык;
- саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулбаган (жергиликтүү) системаларын социалдык дайындалыштагы ѳз алдынча турган объектилер (мектеп, балдар бакчасы, оорукана), коттедждик поселкалар жана жашоочуларынын же убактылуу тургундарынын 200 адамга чейин саны менен ѳз алдынча турган аз кабаттуу имараттар үчүн долбоорлоо керек;
- саркынды сууларды чыгаруунун жекече (даректүү) системаларын 10 адамга чейин жашоочуларынын саны менен ѳз алдынча турган имараттар, коттеждер, фермалар, ѳздүк кѳмѳкчү чарбалар үчүн долбоорлоо зарыл;
- ѳз алдынча турган имараттар үчүн септик-топтогучтарды пайдалануу сунушталат; максатка ылайыктуулугунан жана зарылдыгынан кѳз карандылыкта септиктердеги суюк агындылар канализациялык тазалоочу түзүлүштѳрдѳ андан ары тазартылууга туштукталуусу керек.
7 Материалдар, реагенттер, ошондой эле аз кабаттуу турак үй курулуштарында пайдаланылуучу суу тазалоочу түзүлүштѳрдүн бардык курамдык бѳлүктѳрү эгерде алар ѳздѳрүнүн аракетте болуу мѳѳнѳтүнүн акырына чыгышканында аларды тиричиликтик катуу калдыктар полигонунда коопсуз утилдештирүү талаптарына жооп бере турган болушса, текшерүүдѳн ѳтүүлѳрү керек.
8 Аз кабаттуу курулуш райондорундагы саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоочу түзүлүштѳр системасынын жайгашуусу жана курамы долбоордук-сметалык документтердин аныкталган тартибинде иштелгени жана бекитилгени боюнча, ѳнүктүрүү схемасынын, генералдык пландын же деталдуу планировкалоо долбоорунун негизинде жүзѳгѳ ашырылуусу зарыл. «Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы тууралуу» (КР Мыйзамынын 2023-жылдын 1-апрелиндеги № 22 иштелиши) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, долбоордук-сметалык документтер мамлекеттик курулуштук жана экологиялык экспертизадан ѳтүүлѳрү керек.
9 Калктуу конушту ѳнүктүрүүнүн схемасы, генералдык планы же деталдуу планировкалоо долбоору болбогонунда, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоочу түзүлүштѳр системаларынын жайгашуу орду жана курамы шаар куруунун жана архитектуранын жергиликтүү кызматы менен макулдашуу боюнча, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде аныкталышат. «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, долбоордук-сметалык документтер мамлекеттик курулуш жана экологиялык экспертизадан өтүшү керек.
10 Калктуу конушту өнүктүрүү схемасы, башкы планы же деталдык пландоо долбоору жок болгон учурда суу-дренаждык системанын жана канализациялык тазалоо курулмаларынын жайгашкан жери жана курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечиминин негизинде жергиликтүү шаар куруу жана архитектура кызматтары менен макулдашуу боюнча аныкталат.
11 Саркынды сууларды чыгаруунун нѳшѳрдүк системасын долбоорлоонун жана куруунун зарылдыгын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча, айылдык калктуу конуштардын жашоочуларынын КР КЧ 40-02нин ченемдерине ылайык катышуусунда чечүү сунушталат.
2 Саркынды сууларды чыгаруу системаларынын тарамдарын жана түзүлүштѳрүн долбоорлоонун ченемдери
2.1 Агынды сууларды чыгымдоолор
1 Саркынды сууларды чыгаруу тарамдарын жана агынды сууларды тазалоо системаларын долбоорлоо жана куруу маалындагы саркынды сууларды чыгаруунун үлүштүк чыгымдалыштарын Б тиркемеде келтирилген Б.1 жана Б.2 таблицаларына ылайык сууну керектѳѳнүн долбоордук үлүштүк чыгымдалыштарына барабар деп кабылдаган ылайык.
2 Агынды суулардын орточо суткалык чыгымдалышын жашоочулардын, үй малынын ж.б. санына карата саркынды сууларды үлүштүк чыгарууунун ѳндүрүлүшү катары аныктаган алыйык.
3 Айылдык калктуу конуштарда же поселкаларда калкты тейлѳѳчү коммерциялык ишканалар болгонунда суунун эсепке алынбаган чыгымдалыштарын агынды суулардын эсептик кошунду орточо суткалык чыгымдалышынан кошумча 5% ѳлчѳмүндѳ кабыл алынышына жол берилет.
4 Агынды суулардын эсептик чыгымдалууларын (секунддук жана сааттык) КЧжЭ 2.04.01 боюнча аныктаган ылайык.
5 Агынды суулардын орточо чыгымдалуусунда 5 л/секунддан кѳбүрѳѳк эсептик чыгымдоолорду КР КЧ 40-02 боюнча аныктоого жол берилет.
6 Агынды суулардын максималдуу жана минималдуу чыгымдалышын аныктоо үчүн КР КЧ 40-02ге ылайык бирдей эместик коэффициенттерин эсепке алуу керек.
7 Жекече саркынды сууларды чыгаруу системаларындагы тазалоочу түзүлүштѳргѳ агып түшүүчү агынды суулардын эсептик чыгымдалыштары жашоочулардын атайын санитардык-техникалык жабдуусунун түрүн эсепке алуу менен суунун жогорулатылган (ченемдикке каршы) керектелүүсү болгон учурларда корректировкаланышы керек.
8 «Тиричиликтик» (=боз суу) агымды жана заң калдыктары менен агымдарды (=кара суу) ѳз-ѳзүнчѳ бѳлүп тазалоодо «тиричиликтик» агынды сууларды ѳндүрүүнү агынды суулардын жалпы чыгымдалышынан 70%ына барабар деп кабыл алуу керек.
9 Эгерде бул курулуштук ченемдерде саркынды сууларды чыгаруунун чоң эмес системаларына карата айкын талаптар аныкталбаган болсо, анда агынды суулардын чыгымдалышы КР КЧ 40-02де аныкталган принциптердин негизинде аныкталуусу керек.
2.2. Агынды сууларды чогултуу системаларындагы атайын конструкцияларды долбоорлоо
2.2.1 Саркынды сууларды чыгаруу тарамдары (коллекторлорду кошуп) жана алардагы түзүлүштѳр
2.2.1.1 Саркынды сууларды чыгаруу системаларына тийиштүү жалпы аспектилер
1 Саркынды сууларды чыгаруу системасы тѳмѳндѳгү курамдык бѳлүктѳрдү ѳзүнѳ камтышы ыктамал: саркынды сууларды чыгаруунун ички системасын (имараттын чектеринде, ошондой эле санитардык-техникалык приборлорду кошуп), тышкы саркынды сууларды чыгаруу тарамдарын жана кудуктарды, агынды сууларды чогултуу жана алдын ала тазалоо үчүн идиштерди (септиктерди), тазалоочу түзүлүштѳрдү жана алардын орнотулуштарын (жекече, борборлоштурулбаган же борборлоштурулган), агынды сууларды сордуруп куюштуруу үчүн насостук жабдууну.
2 Саркынды сууларды чыгаруу системалары тѳмѳндѳгү талаптарга жооп бериши керек:
- агынды суулардын эсептик санын коопсуз ташып жеткирүүнү камсыз кылуу («Агынды сууларды чыгымдоо, 2.1 п.» бѳлүмүн караңыз);
- имараттардын курулуштук конструкцияларынын сакталгандыгына, ошондой эле суу каптоодон жана узакка ным тартуудан тийиштүү коопсуздугуна кепилдик берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы №128-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежелерине» жана СЭ 4630, ошондой эле «Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликтик сууларды пайдалануудагы суу объекттериндеги химиялык заттардын жол берилген концентрациясынын чектерине» гигиеналык ченемдерине ылайык агынды сууларды тазалагандан кийин агындылардын талап кылынган сапатын камсыз кылуу менен көлмө-сууга, же айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылган башка жерлерге, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылган башка жерлерге агызуу;
- ченемдер менен аныкталуучу, капиталдык ремонтко чейинки кызмат ѳтѳѳнүн эсептик мѳѳнѳтүнѳн аз эмес жарактуулук мүмкүнчүлүгүнѳ ээлик кылуу.
3 Эч болбоду дегенде бир сууну андан ары пайдалануу чекитине сууну берүүчү ички суу түтүгүнүн системасы болгонунда жекече үйлѳр жана коттедждер, менчик кѳмѳкчү чарбалар үчүн саркынды сууларды чыгаруу системасы алдын алып каралганы ылайык. Ушунда ага тармактын жана тазалоочу түзүлүштѳрдүн иштѳѳсүндѳ бузулууларды болтурбоо үчүн тамак-аш калдыктарынын, зыяндуу заттардын ж.б. тобу менен агып кошулуусун жокко чыгаруу зарыл.
4 Саркынды сууларды чыгаруунун жекече системалары үчүн жол берилет:
- «боз суунун» (ашканалык идиш жуугучтан, ванналардан, жуунгучтардан агынды суу) жана «кара суунун» (заңдык калдыктары менен унитаздардан, биде жана писсуарлардан агынды суулар) агымдарын буруп кетүүнү жана тазалоону ажырымдап бѳлүү;
- тиричиликтик агынды суулардын жалпы агымын буруп кетүүнү жана тазалоону бириктирүү.
5 Саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулбаган системалары үчүн «боз суунун» жана «кара суунун» агымдарынын ажырымдуу тазалануусуна жол берилет.
6 Ѳз алдынчалуу турган, канализациялык эмес имараттар үчүн агынды сууларды суткасына 1м3га чейин чыгымдоодо люфт-клозеттер, пудр-клозеттер, септиктер же шилеп чыгаргычтар сыяктуу түзүлүштѳрдү колдонууга жол берилет.
7 Аз кабаттуу турак жай курулушунан саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоодо жана курууда иштеп турган тазалоочу түзүлүштѳрдү техникалык-экономикалык жактан негиздѳѳнүн негизинде модернизациялоо мүмкүндүгү каралганы зарыл.
8 Долбоорлордо колдонулуучу оптималдуу техникалык чечилиштер тазалоонун бирдей талап кылынган сапатын камсыз кылуучу мүмкүн болгон варианттарын салыштыруу менен негизденүүсү керек.
Оптималдуу вариант келтирилген чыгымдалыштардын таза чоңдугун салыштыруу менен аныкталуусу зарыл.
2.2.1.2 Саркынды сууларды чыгаруу имараттарынын ички системасы
1 Саркынды сууларды чыгаруунун ички системасы санитардык-техникалык приборлордон, гидрожапкычтардан, саркынды сууларды чыгаруу тармагынан, канализациялык тик турмалардан (желдетүүчү тармак менен биригишкен) жана агызып чыгаруулардан турат.
2 Турак үйлѳрдѳн агызып чыгарууларды долбоорлоодо жана курууда тѳмѳндѳгү шарттар бузулбай сакталышы керек:
- агызып чыгаруулардын 100 миллиметрден кем эмес диаметри;
- канализациялык тик турмадан же тазалагычтан короодогу кудукка чейин агызып чыгаруунун узундугу 12 метрден кѳп эмес; чоң узундугунда кошумча карап-текшерүү кудугунун алдын алып каралышы;
- агызып чыгаруунун эсептелинбеген участкаларынын жантаюусу 0,02ден ке эмес болуп кабылданышы керек.
3 Гидрожапкычтарунитаз жана траптан тышкары ар бир санитардык-техникалык прибордон кийин орнотулушу керек.
4 Ички саркынды сууларды чыгаруу тармагын пластмассалык же чоюндук күчтѳп түртүлүүсүз түтүктѳрдѳн куралганы ылайык, булардын диаметри конструктивдүү кабылданат жана эсептелүү аркылуу текшерилет.
5 Ички саркынды сууларды чыгаруу тармагын желдетүү үчүн ар бир канализациялык тик тургучтун үстүнѳн соруучу түтүктүн алдын алып каралганы зарыл, ал чатырдын үстүнѳ андан 5 метрге жогору бийиктикке алып чыгылышы керек.
2.2.1.3 Тышкы саркынды сууларды чыгаруу тарамдары
1 Тышкы саркынды сууларды чыгаруу тарамдарынын гидравликалык эсептелишин КЧжЖ 2.04.01 жана КР КЧ 40-02ге ылайык агынды суулардын максималдуу секунддук чыгымдалышында жүргүзүү зарыл.
2 Тышкы саркынды сууларды чыгаруу тарамдарын долбоорлоодо жана курууда тѳмѳндѳгү шарттар бузулбай сакталышы керек:
- 150 мм ѳткѳргүч түтүктѳрдүн эң эле кичине диаметри;
- тышкы тармактын түтүктѳрүнүн арыктарын 1,1 миллиметрден кем эмес тереңдикте тѳшѳѳ.
3 Тышкы саркынды сууларды чыгаруу тарамдарынын түтүктѳрдүн бириктирилген жерлерин, түтүктѳрдүн багытын ѳзгѳртүүнү, ѳткѳргүч түтүктѳрдүн жантаюусун же диаметрин кароодон ѳткѳрүү жана тазалоо үчүн карап-текшерүү кудуктарынын орнотулганы ылайык.
4 Түз сызыктык карап-текшерүү кудуктары КР КЧ 40-02ге ылайык алдын алып каралышы зарыл.
5 Тышкы саркынды сууларды чыгаруу тармагын мезгил-мезгили менен жууп-тазалоо мүмкүндүгү алдын алып каралышы керек.
6 Тышкы саркынды сууларды чыгаруу тармагын долбоорлоодо жана курууда түтүктѳрдүн тѳмѳндѳгүдѳй материалдары гана колдонулганы ылайык:
- ѳзү агып түшүүчү участкалар үчүн тармактын басымысыз күчтѳп түртүлүүсүз чопо же пластмасса түтүктѳрү;
- күчтѳп түртүлүү участкалары үчүн күчтѳп түртүлүүсү менен чоюн же пластмасса түтүктѳрү;
- агынды сууларды сордуруп куюштуруу үчүн КР КЧ 40-02ге ылайык насосторду колдонуу керек.
7 Чарбалык-ичүүчү суу түтүктѳрүн жана саркынды сууларды чыгаруу тармагын катарлаш жайгаштырууда бул түтүктѳрдүн аралыктары жана орун алуусу КР КЧ 30-01, же болбосо «Кыргыз Республикасындагы айылдык калктуу конуштардын территорияларын планировкалоо жана куруу» эрежелер жыйнагынын ченемдерине ылайык сууѳтчү түтүктѳрдүн материалынан жана диаметринен кѳз карандылыкта тандалып алынышы керек.
8 Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатында ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча канализациялык эмес объектилерден суюк калдыктарды кабыл алуу үчүн канализациялык тазалоочу түзүлүштѳрдүн территорияларында агынды суу станциялары же кудуктар алдын алып каралганы ылайык. Саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоонун жана куруунун долбоордук мезгилдеринин диапозонун КР КЧ 40-02ге ылайык кабыл алуу керек.
2.2.1.4 Башка канализациялык түзүлүштѳр
Эгерде жогоруда эскерилген канализациялык түзүлүштѳрдѳн жана курулуштардан тышкары анча чоң эмес саркынды сууларды чыгаруу системалары талап кылына турган болсо, анда алардын долбоорлонуусу КР КЧ 40-02де аныкталган принциптердин негизинде аткарылышы керек.
3 Канализациялык тазалоочу курулмалар
3.1 Агынды сууларды тазалоонун технологиялык усулдарын долбоорлоого стандарттар
3.1.1 Кирүү маанилеринин ѳлчѳмдѳрүн аныктоо
1 Тиричиликтик агынды сууларды киши башына булгануусунун үлүштүк суткалык күч келүүлѳрү 1-таблицада келтирилген маалыматтарды пайдалануу менен эсептелүүсү керек.
1-таблица – Саркынды сууларды чыгаруунун чакан системаларында (5000ден аз жашоочусу менен) бир жашоочуга булгоочу заттардын үлүштүк суткалык күч келүүлѳрү
Катар №и | Кѳрсѳткүчтѳрдүн аталыштары | Бир жашоочуга булгоочу заттардын суткалык күч келүүлѳрү (г/сут) |
1 | КБК5 киргилттигинен арылтыл-баган суюктуктун | 50 |
2 | КХК | 100 |
3 | Салмактанылган заттар | 55 |
4 | Жалпы азот | 9 |
5 | Жалпы фосфор общий | 2,0 |
Эскертүүлѳр а) КБКтолук боюнча эсептик маалыматтарды КБКТОЛУКтагы КБК5 кайра эсептѳѳнүн коэффициентин колдонуу нгегизинде КБК5 боюнча маалыматтарды кайрадан эсептѳѳ жолу менен кабыл алууга жол берилет. б) Бул коэффициенттин маанисин КБК5тин жана КБКТОЛУКтун салыштырмалуу лабораториялык аныктамаларынын натыйжалары боюнча кабыл алуу сунушталат (жыл ичинде сегизден кем эмес аныктамалар, квартал ичи экиден кем эмсе аныктамалар). в) Андай маалыматтардын жоктугунда агынды суулар үчүн КБК5тин КБКТОЛУКка кайрадан эсептелүүсүнүн тѳмѳндѳгү коэффициенттерин колдонууга жол берилет: | ||
2 Иш жүзүндѳгү маалыматтар бекемдеп тургандай, жогоруда кѳрсѳтүлгѳн маанилер саркынды сууларды чыгаруунун ири системаларында калктын киши башына булгануулардын маанилери болжол менен 15÷20%га тѳмѳн болуп аныкталган.
3 Тиричиликтик агынды суулардагы тийиштүү булгоочу заттардын топтолушу алдыдагы пунктта баяндалгандай, алынган булгануулардын жалпы күч келүүлѳрүн, «2.1 Агынды суулардын чыгымдалышы» бѳлүмүндѳ баяндалгандай алынган агынды суулардын чыгымдалыштарын бириктирүү жолу менен аныкталышы керек.
3.1.2 Агынды сууларды тазалоочу орунга тийиштүү талаптар
1 Саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган система-ларынын тазалоочу түзүлүштѳрүн куруу үчүн аянтчаларын тандоону ошол калктуу конуштун планировкалоо жана куруу долбоору менен жуурулуштуруу зарыл.
2 Бир нече жашоочудан 5000ге чейинки жашоочусу менен агынды сууларды тазалоонун жекече, борборлоштурулбаган же борборлоштурул-ган системасын куруу үчүн жер участкасынын ѳлчѳмү айкын шарттардан жана технологиялардан бѳтѳнчѳ кѳз каранды. Демек, ал дайым жекече негизде иштелип чыгуусу керек, андан соң санитардык-коргоочу аймактарда кошумча керектѳѳлѳрдү кѳңүлгѳ алуу зарыл.
3 Агынды сууларды тазалоого делинген тазалоочу түзүлүштѳр жана жабдуулар тейлѳѳ жана техникалык жактан тейлѳѳ үчүн ыңгайлуу болушу жана да курчап турган чѳйрѳнүн мониторинги үчүн үлгүлѳрдү иргеп алуу пункттары менен жабдылышы керек.
4 Агынды сууларды тазалоо боюнча түзүлүштѳрдү орнотуу орду эгерде жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарындагы эксплуатациялоочу мекемедеги каржылык ресурстар мүмкүнчүлүк берсе, тосулуп жана жарык менен камсыз кылынышы керек.
5 Бул КЧ иш-аракетте турган тазалоочу түзүлүштѳр үчүн санитардык-коргоочу аймактар «Санитардык-коргоо зоналары жана ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык классификациясы» санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 9-бөлүмүнүн ченемдерине ылайык тандалып алынышы керек.
6 Саркынды сууларды чыгаруунун жекече жана борборлоштурул-баган системалары үчүн санитардык-коргоочу аймактардын жогоруда аныкталган ченемдик маанилерин бузулбай сакталышы мүмкүн болбогон учурларда тазалоочу түзүлүштѳрдү жайгаштыруунун тандалышы ыйгарым укуктуу органдар (санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги, экологиялык контролдоо жана техникалык кѳзѳмѳл жаатындагы; шаар куруу жана архитектура органдары) менен макулдашылуусу керек.
7 Саркынды сууларды чыгаруу системаларынын бардык түрлѳрүнүн түзүлүштѳрүн жана жабдууларын жайгаштыруу жана ыкташтыруу жергиликтүү шарттарды эсепке алуучу гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык, санитардык-экологиялык изденүүлѳрдүн негизинде, Кыргыз Республикасынын экология жана климат жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар жана да Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги менен макулдашуудан кийин жүзѳгѳ ашырылуусу керек.
3.1.3 Агынды сууларды тазалоо даражасы боюнча ченемдер
1 Агынды сууларды тазалоонун зарыл даражасын жергиликтүү шарттардан кѳз карандылыкта жана тазаланган агынды сууларды жер алдындагы суулардын запастарын толуктоо жана айыл чарбалык жерлерди сугаруу максаттарында колдонуу мүмкүндүгүн эсепке алуу менен аныктаган ылайык.
2 Саркынды сууларды чыгаруунун жекече жана борборлоштурул-баган системалары үчүн агынды сууларды тазалоонун даражасын биринчи кезекте КБК5, КХК жана салмактанылган заттар үчүн чектерде, б.а. органикалык булганууга басым коюлуу менен жѳнгѳ салган ылайык.
3 Аз кабаттуу турак жай курулуштарынын объектилеринен жана ѳз алдынчалуу турган объектилерден агынды сууларды тазалоо үчүн табигый жана колдон жасалган шарттарда биологиялык тазалоону колдонуу керек.
4 Кык камтылган агынды сууларды жана ар кандай тиричиликтик эмес агындыларды саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системасына чыгарып салганга чейин болчу адепки тазалоо үчүн кѳрсѳтүлгѳн агынды суулардын мүнѳзүнѳ ылайык усулдар менен тазалоонун атайын долбоорлонгон системасы алдын алып каралышы зарыл. Адепки тазалоодон кийин мындай тазалоодон ѳткѳрүлгѳн агындылар ѳзүнүн мүнѳзү боюнча тиричиликтик агынды сууларга окшош болуусу керек.
5 Саркынды сууларды чыгаруунун жекече жана борборлоштурул-баган системалары үчүн адамдардын мезгил-мезгили менен (сезондук) гана болуусу тийиштүү негизделгенинде агынды сууларды тазалоонун физика-химиялык усулдарын колдонууга жол берилет.
6 Биологиялык тазалоонун тазалоочу түзүлүштѳрүн тандоону тѳмѳндѳгүлѳрдѳн чыгып жүргүзгѳн ылайык:
- агынды суулардын эсептик чыгымдалышынан жана булгануу күч келүүлѳрүнѳн;
- тазалоонун талап кылынган даражасынан;
- гидрогеологиялык шарттардан;
- техникалык-экономикалык салыштыруудан.
7 Биологиялык тазалоо түзүлүштѳрүнүн долбоордук эсептелиши КБК5, КХКда, салмактанылган заттарда, жалпы азотто, жалпы фосфордо – зарылчылыгына карай айкын шарттардан жана агынды суулардын эсептик чыгымдалышынан кѳз карандылыкта кѳрүнгѳн органикалык булгануулар боюнча жүргүзүлүүгѳ тийиш. 5000ден кем эмес жашоочуларынын саны менен саркынды сууларды чыгаруунун чакан системаларынын агынды сууларын тазалоо үчүн тѳмѳндѳгүдѳй ченемдери белгиленет:
- айрым системалар үчүн: КБК5ти 30%дан кем эмес четтетүү;
- борборлоштурулбаган системалар үчүн: КБК5ти 60%дан кем эмес четтетүү;
- борборлоштурулган системалар үчүн: КБК5ти 90%дан кем эмес четтетүү, абдан сезгич суу кабылдагычтар үчүн ѳзгѳчѳлүү учурларда гана азыктандыруучу заттарды (жалпы азотту, жалпы фосфорду) четтетүү.
8 Белгилеп кетүү керек, алдыдагы пунктта аныкталгандай, тазалоонун минималдуу натыйдалуулугу сарамжалдуу технологиялардын колдонулушуна жол берет, б.а., мисалы, септиктер ѳзүнчѳ турган системалар үчүн, тоскучтары менен анаэробдук реакторлор борборлоштурулбаган системалар үчүн колдонулушу мүмкүн, ал эми колдо жасалган суулуу-саздак жерлер, ошондой эле чакан биологиялык тазалоочу түзүлүштѳр борборлоштурулган системалар үчүн пайдаланылуусу ыктымал.
3.1.4 Агынды сууларды тазалоочу түзүлүштѳрдү долбоорлоо
3.1.4.1 Агынды сууларды чогулткучтар (ошондой эле «бир камералуу септик» деп аталган)
1 Чогулткуч түзүлүштѳрдү герметикалуу, 3 метрден кѳп эмес тереңдикте, ички жана тышкы гидрообочолонтуу менен долбоорлогон жана курган ылайык.
2 Чыпкалык чыгымдалыш суткасына 3 л/м2тан ашппосу керек.
3 Чогулткучтун жумушчу кѳлѳмүн ассенизациялоочу машинанын цистернасына туура келгендей кылып кабыл алуу керек.
4 Чогулткучтарды жол тарабына жайгаштырган жана аларга ассенизациялоочу машина келе алышын камсыз кылган ылайык.
5 Чогулткучтан турак үйгѳ чейинки аралык - 10 метрге чейин; чарбалык курулуштарга чейинкиси – 5 метрге чейин; коңшу турак үйлѳргѳ чейинкиси - 10 метрден кем эмес.
6 Чогулткучтардагы агынды сууларды жана шилеп чыгаргычтардагы таштандыларды канализациялык тазалоочу түзүлүштѳргѳ багыттоо керек. Чогулткучтун кѳлѳмү адатта анча чоң болбогону себептүү кыска убакыт аралыгындагы тез-тезден бошотуу эксплуатациялоого жана техникалык тейлѳѳгѳ карата милдет-чыгымдоолордун ажыратылгыс бѳлүгүн түзүп туруусу керек.
3.1.4.2 Кѳп камералуу септиктер
1 Кѳп камералуу септиктер КБК5тин 30%ынан жана салмактанылган заттардын 50%ынан кѳп эмесинин жоюлуп четтетилүүсүн талап кылуучу, агынды сууларды жекече жана борборлоштурулбаган тазалоо үчүн бѳтѳнчѳ ылайык келет. Тазаланган агынды суулар кыртышка сиңдирилиши керек. Тазаланган агынды сууларды ачык үстүнкү агызып чыгаруу ѳзгѳчѳлүү учурларда гана жана тийиштүү негизделгенинде колдонулушу ыктымал.
2 Кѳп камералуу септиктер суу ѳткѳрбѳѳчү, ички жана сырткы обочолонткучу менен
3 Кѳп камералуу септиктер 2ден кем эмес ѳз алдынчалуу камерага ээлик кылышы керек. 2 камера экенинде, биринчи камера камеранын жалпы узундугунун 2/3ге жакынын түзгѳнү ылайык. 3 камера болгонунда, биринчи камера камеранын жалпы узундугунун 1/2ге жакынын түзѳт. Бул катуу бѳлүкчѳлѳрдүн биринчи камарага барып чѳгѳрүнѳн улам зарыл.
4 Кѳп камералуу септиктин жалпы кѳлѳмү минималдуу талап кылынган 48 саатка (= 2 күн) сакталуу убактысын кѳңүлгѳ алууга эсептелинген болушу ыктымал.
5 Биринчиден экинчи камерага бириктирүү калкып жүрүүчү заттар дагы, чѳккѳн катуу бѳлүктѳр дагы агынды суулар менен бирдикте кийинки камерага барып кошулбагандай болуп конструкцияланышы керек.
6 Техникалык жактан тейлѳѳ үчүн камераларга жол алуу (мисалы, жабылуучу тешиктердин капкактары аркылуу) камсыз кылынышы зарыл.
7 Кѳп камералуу септиктин желдетилүүсү милдеттүү эмес, бирок сунушталат.
8 Кѳп камералуу септиктерди чѳккѳн тунмаларды четтетүүгѳ делинген тѳгүп бошотуучу боштуктук цистерналардын жардамы менен аларга карата оңой жол алуу мүмкүн болгондой кылып жайгаштыруу зарыл. Туура долбоорлонгонунда мындай септиктер ар бир 2÷5 жыл сайын бошотулуп туруусун талап этет.
9 Кѳп камералуу септиктердеги чѳккѳн катуу бѳлүкчѳлѳрдү агынды сууларды тазалоо үчүн канализациялык тазалоочу түзүлүштѳргѳ жеткирүү жана тазалоочу станциянын ѳзүндѳ пайда болуучу тунмалар менен биргеликте иштетүүдѳн ѳткѳрүү керек.
3.1.4.3 Тосмосу менен анаэробдук реактор
1 Тосмолору менен анаэробдук реакторлор (ТАР) септиктердин ѳркүндѳтүлгѳн иштелмеси катары келет, биологиялык тазалоо механизмин киргизүүдѳн улам тазалоонун натыйжалуулугун болжол менен 60÷80%га чейин, КБК5 жоюп четтетүүнү жана салмактанылган заттарды жоюп четтетүүнү 50÷80%га жогорулатууга мүмкүндүк берет.
2 ТАР агынды сууларды борборлоштурбай тазалоо үчүн бѳтѳнчѳ дакшы ылайык келет, мында КБК5тин 60%ынан кѳп эмесин жоюп четтетүү талап кылынат. Тазаланган агынды суулар кыртышка сиңдирилүүсү керек. ТАРдын тазаланган агынды сууларын ачык үстүнкү беттик агызып чыгарууну ѳзгѳчѳлүү учурларда гана жана тийиштүү негизделгенинде колдонууга болот. Тар ошондой эле саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системалары үчүн адепки тазалоонун натыйжалуу түзүлүшү катары агынды сууларды андан ары карай биологиялык тазалоого эң эле ылайыктуу болуп кѳрүнѳт, бул аяк жагынын суу агымын ачык түрдѳгү агызып салуу үчүн жарактуу кылат.
3 Чоң ТАРдын ѳз алдынчалуу реакторунун кѳлѳмү адатта бир нече жүз м3га жетет; эгерде кѳбүрѳѳк ири ТАР талап кылынса, анда жалпы кѳлѳм адатта катарлаш блокторго ажырымдалат.
4 ТАР суу ѳткѳрбѳгѳндѳй болуп, ички жана тышкы обочолонуусу менен долбоорлонуусу керек.
5 ТАР бир баштоочу чѳктүргүч камерага ээлик кылышы керек, ага удаа чыгуучу агымдын 3тѳн 5ке чейинки камерасы уланат. Чѳктүрүүнүн баштоочу камерасы ТАРдын жалпы узундугунун 1/3 узундугуна жакын узундукта болушу керек, ал эми калган камералар жалпы узундуктун калган 2/3си боюнча бирдей ѳлчѳмдѳ бѳлүштүрүлүүсү керек.
6 ТАР идишинин жалпы кѳлѳмү минималдуу талап кылынган 48 саат (= 2 күн) сакталуу убактысын пайдалануу менен эсептелүүсү мүмкүн; кээде ѳндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн 72 саатка чейин пайдаланылат (= 3 күн).
7 Ар кандай камеранын кийинки камерага ар бир бириктирилүүсү калкып чыгуучу заттар да, чѳккѳн катуу бѳлүкчѳлѳр да агым менен бирдикте кийинки камерага ѳтүп кетпегендей болуп конструкцияланышы керек; түтүктѳр же тосмолор кошумча конструкцияланышы зарыл, булар суюктукту кийинки камеранын тѳмѳнкү бѳлүгүнѳ агып кирүүсүнѳ мажбурлайт; так ушул мажбурланып ѳтүүдѳ чѳгүндү отурат да, биологиялык тазалоонун кошумча таасир этүүсүнѳ алып келет.
8 Камераларга техникалык тейлѳѳ үчүн жол алууну камсыз кылуу зарыл (мисалы, жабылуучу тешиктердин капкактары аркылуу).
9 ТАРдын желдетилүүсү сунушталат.
10 ТАР чѳккѳн тунмаларды четтетүүгѳ делинген тѳгүп бошотуучу боштуктук цистерналардын жардамы менен аларга карата оңой жол алуу мүмкүн болгондой кылып жайгаштырылуулары зарыл. Туура долбоорлонгонунда мындай ТАРлар ар бир 1÷3 жылда барып гана бошотулуп туруусун талап этет.
11 ТАРдагы чѳккѳн катуу бѳлүкчѳлѳрдү агынды сууларды тазалоо үчүн канализациялык тазалоочу түзүлүштѳргѳ жеткирүү жана тазалоочу станциянын ѳзүндѳ пайда болуучу тунмалар менен биргеликте иштетүүдѳн ѳткѳрүү керек.
3.1.4.4 Табигый шарттардагы биологиялык тазалоо түзүлүштѳрү
Жалпы кѳрсѳтмѳлѳр
1 Жер астындагы чыпкалоо талаалары, инчыпкалоочу кудуктар, кумдук-шагылдык чыпкалар, чыпкалоочу траншеялар, колдон жасалчу суулуу-саздак жерлер сыяктуу тиричиликтик агынды сууларды табигый биологиялык жактан тазалоочу түзүлүштѳрдү колдонууга жол берилет:
- саркынды сууларды чыгаруунун жекече жана борборлоштурулбаган системалары үчүн;
- тийиштүү гидрогеологиялык жана инженердик-геологиялык шарттары менен райондордо же суулуу горизонттордун булганууусун жокко чыгаруучу суу ѳткѳрбѳѳчү катмарлар болгон учурда;
- ортодон жогору эмес турак жай курулушу үчүн жерди жер берүү территориясынын топурагынын булгануусу болгонунда.
2 Жогоруда баяндалган шарттардын бири болбогонунда колдон жасалган шарттардагы биологиялык тазалоого артыкчылык берилгени ылайык.
3 Табигый биологиялык тазалоочу түзүлүштѳрдү долбоорлоодо турак жай курулушуна чейинки аралыкты бул КЧ «3.1.2 Агынды сууларды тазалоо ордуна тийиштүү талаптар» бѳлүмүнүн 6-пунктуна ылайык тандоо керек жана да ар кандай суу алууга (жер астындагы сууларга) чейинки аралык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн «Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатындагы актыларды бекитүү тууралуу» 2018-жылдын 31-январынын № 68 токтомунун 1-тиркемесинин ченемдерине ылайык аныкталуучу суу алуу түзүлүштѳрүнүн санитардык-коргоочулук аймактардын чек араларынан аз болбошу керек.
4 Табигый биологиялык тазалоочу түзүлүштѳрдүн алды жагында агынды сууларды септиктерде, тосмосу менен анаэробдук реакторлордо же тийиштүү жагдайлардагы заводдо даярдалган түзүлүштѳрдѳ жана да тийиштүү технологиянын жалпы кабылданган иш практикасына ылайык адепки тазалоонун алдын алып каралганы ылайык.
5 Табигый шарттарда агынды сууларды биологиялык тазалоо түзүлүштѳрүнүн эсептелишин КР КЧ 40-02 ченемдерине ылайык жүргүзүү керек.
3.1.4.5 Жер астындагы инфильтрация талаасы
Жер астылык инчыпкалоо талаасын пайдаланууга жол берилет:
- кумдуу жана кумтопурактуу кыртыштарда;
- кыртыштарда, мында кѳзѳп тешилген инчыпкалоо үчүн түтүктѳр кыртыштык суулардын деңгээлинен 1 метрге жогору жайгашуусу мүмкүн, аларды 1,8 метрден ашырбай тереңдетип жана жердин үстүнкү бетинен 0,5 метрден кем эмес кылып орноштуруу керек;
- ѳзгѳчѳлүү учурларда, мында жогоруда баяндалган шарттар аткарылбайт жана утилдештирүүнүн башка ыкмалары жаратылышты коргоонун тийиштүү жергиликтүү органдары, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуудан кийин да мүмкүн эмес.
3.1.4.6 Чыпкалоочу кудуктар
Чыпкалоочу кудуктарды колдонууга жол берилет:
- кумдуу жана кумтопурактуу кыртыштарда, мында саркынды сууларды чыгаруунун жекече системалары үчүн агынды сууларды чыгымдоо суткасына 1 м3дан кѳп эмес;
- кыртыштарда, мында чыпкалоочу кудуктун түбү кыртыштык суулардын деңгээлинен 1 метрден кем эмес жогору жайгашкан.
3.1.4.7 Кумдук-шагылдык чыпкалар жана чыпкалоочу траншеялар
1 Кумдук-шагылдык чыпкаларды жана чыпкалоочу траншеяларды буруп кетүүчү дрендин арыгынан 1 метрге тѳмѳн кыртыштык суулардын эң эле жогору деңгээлиндеги суу ѳткѳрбѳѳчү жана начар чыпкалоочу кыртыштарда долбоорлоого жол берилет.
2 Чыпкалоочу кудуктарды, кумдук-шагылдык чыпкаларды жана чыпкалоочу траншеяларды толук эмес биологиялык тазалоо түзүлүшүн орноткондон кийин агынды сууларды акырына чыгарып тазалоо үчүн колдонууга жол берилет. Мындай учурда табигый тазалоо түзүлүшүнѳ күч келүү 2÷3 эсеге арттырылуусу мүмкүн.
3.1.4.8 Курулган суулуу-саздак жерлер
1 Эгерде бул суулуу-саздак жерлердин түбү туура келчү пластикалык пленка же ошого окшогон бирдеме менен герметикалуу жабылып, мунусу менен тазаланбаган агынды суулардын жерге сиңип кетпѳѳсүнѳ кепилдик бере турган болсо, анда үстүнкү беттик агым тибинде курулган суулуу-саздак жерди (КССЖны) пайдаланууга пайдаланууга уруксат берилет.
2 КССЖ агынды сууларды биологиялык тазалоону микроорга-низмдердин жардамы менен жүргүзүүгѳ мүмкүнчүлүк берет, булар 0,8÷1 метрге жакын тереңдиктеги шагылдын үстүнкү бетинде ѳнүгүшѳт, ал аркылуу агынды суулар горизонталдуу же вертикалдуу агып ѳтүшѳт.
3 Азыркы учурда мындай КССЖлар ар кандай модификацияларда даярдалышат. Кыргыз Республикасы үчүн КССЖнын сунушталуучу типтери болуп эсептелишет:
а) Горизонталдык агымы менен суулуу-саздак жерлер (ГАСС);
б) Вертикалдык агымы менен суулуу-саздак жерлер (ВАСС);
в) Гибриддик КССЖ, мында ГАСС жана/же ВАСС КССЖнын 2 же андан кѳбүрѳѳк уланмалуу тепкичтери менен тазалоочу түзүлүштѳргѳ биригишет.
Бардык бул варианттар абдан жакшы иштешет, бирок в) вариантынын чоң артыкчылыгы болуп жерге болгон муктаждыкты а) жана б) варианттарына салыштырмалуу болжол менен 50%га кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.
4 КССЖ өз алдынча турган үйлөр, борборлоштурулбаган системалар жана 5000 адамга чейин калкы менен борборлоштурулган тазалоочу түзүлүштөр үчүн тазалоонун туура келчү системалары болуп эсептелишет. Долбоорлоо боюнча заманбап сунуштамалар КБК5ти жана салмактанылган заттарды 50%дан көбүрөөк жоюп-четтетүүгө мүмкүнчүлүк берет, бирок ошондой эле азыктуу заттарды (жалпы азотту, жалпы фосфорду) тийиштүү конструкциялардын жардамы менен жакшыртылган жоюп-четтетүү мүмкүнчүлүгүнө жетишилет.
3.1.5 Колдон жасалчу шарттардагы биологиялык тазалоо түзүлүштѳрү
1 Колдон жасалып түзүлчү шарттарда агынды сууларды биологиялык тазалоонун түзүлүштөрүн жана жабдууларын колдонгон ылайык:
- табигый шарттарда биологиялык тазалоонун колдонулушун жокко чыгаруучу территориянын гидрогеологиялык шарттарында;
- табигый шарттарда биологиялык тазалоо түзүлүштөрүнүн алдында агынды сууларды адепки иштетүүдөн өткөрүү үчүн;
- тазаланган агынды сууларды табигый көлмөлөргө чыгаруунун алдында;
- тазалоочу түзүлүштөрдү сууну коргоо аймагында жайгаштырган учурда.
2 Тазаланган агынды суулардын талап кылынуучу сапатынан көз карандылыкта тазалоонун колдон жасалчу шарттарындагы биологиялык усулу кычкылтексиз же аэробдук шарттарда, салмактанылган, жабыштырып бекитилген же аралашкан жигердүү биомассасы менен түзүлүштөрдө жана жабдууларда ишке ашырылуусу мүмкүн.
3 5000ден азыраак жашоочулары менен кубаттуулуктагы жабдуулар үчүн колдон жасалчу шарттарда биологиялык тазалоонун алгылыктуу технологияларынан болуп жигердүү чөгүндүсү, кеңейтилген аэрациясы менен жабдуулар жана да МАР (мезгилдүү аракеттеги реакторлор) жабдууларынын жана биологиялык чыпкалардын негизинде жигердүү чөгүндүсү менен жабдуулар эсептелишет.
4 Тийиштүү кепилдиктеги ѳндүрүмдүүлүгү менен заводдук даярдалыштагы модулдук түзүлүштѳрдү колдонгон артыкчылыктуу. Ушунда завод-даярдап чыгаруучу тазаланган агынды суулардын сапатына тийиштүү талап кылынуучу параметрлерди камсыз кылуу боюнча кепилдик бериши керек.
5 Тазалоонун кийинки баскычтарын коргоо үчүн одоно аралашмаларды жана ченемдүү иштетүүлѳрдү токтотуп туруу үчүн тоскуч тордун же дагы башка түзүлүштүн алдын алып каралганы ылайык. Артта кармалган таштандыларды герметикалуу жабылуучу капкактары менен контейнерлерге чогултуп, катуу тиричиликтик калдыктарды утилдеш-тирүү/иштетүүдѳн ѳткѳрүү орундарына ташып жеткирүү зарыл.
6 Тазалоочу түзүлүштѳрдүн суткасына 100 м3дан кѳбүрѳѳк ѳндү-рүмдүүлүгүндѳ кум кармоочулардын алдын алып каралганы ылайык. Кармалган кумду утилдештирүү санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылган болушу керек.
7 Биологиялык тазалоо түзүлүштѳрү тазалоонун талап кылынган даражасын гана эмес, ошондой эле агынды сууларды зыянсыздандырууну да, эгерде бул тийиштүү бийлик органдарынын талаптарынан болуп эсептелинсе, камсыз кылуусу керек.
8 Эгерде биологиялык жол менен тазаланган агынды сууларды маданий ѳсүмдүктѳрдүн жана отургузуулардын (бадалдарды, бак-дарактарды, гүлдѳрдү ж.б.) техникалык түрлѳрү менен айыл чарбалык жерлерди сугаруу үчүн пайдалануу кѳңүлгѳ алына турган болсо, анда зыянсыздандыруу талап кылынбайт.
9 Түзүлүштѳр ЭСПга (Эксплуатациялоонун стандарттык процедурасына) ээлик кылышы керек - Жетекчилик, бул аны күндѳгү эксплуатациялоонун жана техникалык жактан тейлѳѳѳнүн, ѳзгѳчѳ кырдаалдар жана бузулууларды четтетүү, ошондой эле түзүлүүчү калдыктарын утилдештирүү талаптарынын саны жана мүнѳздѳмѳлѳрү кѳрсѳтүлүү менен технологиялык регламенти катары келүүчү тазалоочу түзүлүштѳ дайым жеткиликтүү.
10 Модулдук же чакан тазалоочу жабдууларды жасап чыгаруучу өндүрүүчүлөрдүн мындай жабдууларды жасап чыгаруу укугуна лицензиялары жана алардын сапатына карата тийиштүү сертификаттары, ал эми подряддык адистештирилген мекемелер үчүн курулуштук-монтаждык жана иштетип жөнгө салуучу жумуштарды жүргүзүү укугуна лицензиянын болушу керек.
11 Жабдуулар компакттуу, эксплуатациялоого оңой болушу керек жана квалификациялуу тейлөө персоналынын дайымкы катышуусуна муктаж эмес. Колдо жасалып түзүлгөн шарттарга негизденген агынды сууларды биологиялык тазалоонун технологиялары тазалоонун табигый усулдарына негизденген технологияларга караганда эксплуатациялоодо жана тейлөөдө кыйла кымбат жана татаал.
Демек, эгерде мүмкүн боло турган болсо, анда табигый шарттарга негизденген технологияларга, өзгөчө бул КЧ тарабынан камтылуучу 5000 адамга чейинки калкы менен анча чоң эмес объектилерине артыкчылык берилгени ылайык.
3.1.6 Агынды суулардын тунмаларын иштетүүдөн өткөрүүнү долбоорлоо
1 Саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган тазалоочу станцияларынын тазалоочу түзүлүштөрүндө пайда болуучу органикалык тунмаларды иштетүүдөн өткөрүү үчүн кабыл алынган технологиялык схемадан көз карандылыкта колдонулганы ылайык:
- тунмалык аянтчалардагы же органикалык жер семирткич эсебинде андан ары карай пайдаланылуусу менен суусунан арылтуучу түзүлүштөрдөгү турукташтырылган жана зыянсыздандырылган чөгүндүлөрдү суусунан арылтуу;
- органикалык тиричиликтик калдыктар, чым кѳңдѳр, чамындылар, жер семирткич алынуучу дагы да башкалар менен ныкталган чѳгүндүлѳрдү компостирлѳѳ.
2 Саркынды сууларды чыгаруунун жекече, борборлоштурулбаган жана борборлоштурулган системаларынын тазалоочу түзүлүштѳрүнүн агынды сууларынын чѳгүндүлѳрүн аларды шаардык агынды суулардын чѳгүндүлѳрү менен биргеликте иштетүүдѳн ѳткѳрүү үчүн жакын жайгаш-кан шаардык тазалоочу түзүлүштѳргѳ ѳткѳрүлүп берилиши ыктымал.
3 Саркынды сууларды чыгаруунун тунмалардын турукталуусу алдын алып каралбаган, борборлоштурулбаган жана жекече системаларынын тазалоочу түзүлүштѳрүндѳ аларды органикалык тиричиликтик жана бак-дарактык калдыктар менен аралашмасында компостирлѳѳнүн колдонулганы ылайык.
4 Тунмаларды автоцистерналарга жүктѳѳнүн каражаттары бул аймактагы ар кандай куюштуралган жана куюп алынган тунмалардын же суунун агынды суулардын тазалоочу түзүлүштѳрүнѳ кайрадан ѳзү агып түшүүлѳрү аркылуу кайрадан сордурулуп же транспорттоло алгандай болуп долбоорлонуусу керек.
4 Саркынды сууларды чыгаруу системаларынын түзүлүштѳрү үчүн курулуш ченемдери
Калктуу конуштарда саркынды сууларды чыгаруу объектилерин куруунун ченемдери КР КЧ 40-02 жана Кыргыз Республикасынын башка дагы тийиштүү ченемдик укуктук жана ченемдик-техникалык документтерге ылайык аткарылышы керек.
5 Тазалоочу түзүлүштѳрдүн иштѳѳсүн эксплуатациялоону жана кѳзѳмѳлдѳѳнү кабыл алуу эрежелери
1 Курулган жана эксплуатациялоо үчүн кабыл алынууга жаткан түзүлүштѳр, мунун ичинде заводдук даярдалыштагы жабдуулар курулуш боюнча бардык талаптар, техникалык шарттар жана ченемдер бузулбай сакталып, бекитилген жумушчу долбоор боюнча аткарылыштары керек.
2 Курулуш аяктагандан кийин саркынды сууларды чыгаруу системаларын сыноону КЧжЭ 3.05.01, ошондой эле КЧжЭ 3.05.04 ченемдери боюнча жүргүзүү керек. Жууп-тазалоону жана дезинфекциялоону «Калктуу конуштардын суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык эксплуатациялоонун эрежелерине» ылайык аткаруу зарыл.
3 Саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган системаларын кабыл алуудан ѳткѳрүү үчүн жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары заказчылардын, генералдык подрядчиктин, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги, мамлекеттик экологиялык контролдоо жана техникалык кѳзѳмѳл жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын, курчап турган чѳйрѳнү коргоонун, эксплуатациялоочу мекеменин, долбоордук уюмдун, заводдук даярдалыштагы түзүлүштѳр үчүн завод-даярдоочунун, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органда-рынын ѳкүлдѳрүнѳн комиссияларды түзүшѳт, алар аныктап беришет:
- курулган түзүлүштѳрдүн жумушчу долбоорго дал келүүсүн;
- санитардык-коргоочу аймактардын бузулбай сакталышын, талап кылынган тосмолордун болушун;
- ѳлчѳѳчү приборлордун болушун;
- жумуштардын ѳз алдынчалуу баскычтарын кабыл алуу, ѳткѳргүч түтүктѳрдүн жана түзүлүштѳрдүн герметикалуулугун сыноолор боюнча жумушчу комиссияларынын актыларын текшерүүнү.
4 Саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системала-рынын түзүлүштѳрүн эксплуатациялоого коё берүүнү коё берип-жѳнгѳ салуучу жумуштарды жүргүзүүгѳ лицензиясы бар мекемелер гана жүзѳгѳ ашыруулары керек.
5 Топтогучтарды (септиктерди) жана саркынды сууларды чыгаруунун жекече системаларынын борборлоштурулбаган тазалоочу түзүлүштѳрүн кабыл алуу айлана чѳйрѳнү коргоо, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги, мамлекеттик экологиялык контролдоо жана техникалык кѳзѳмѳл жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, шаар куруунун жана архитектуранын жергиликтүү органдарынын ѳкүлдѳрүнүн катышуусу менен ошол тазалоочу түзүлүштѳргѳ кошулган үйлѳрдүн имараттарын кабыл алуу менен бир убакта жүзѳгѳ ашырылуусу керек.
6 Заводдук даярдалыштагы түзүлүштѳрдү эксплуатациялоого коё берүүнү фирма-иштеп чыгаруучу же иштеп чыгаруучунун (ташып жеткирүүчүнүн) регламенти боюнча ал тарабынан сунушталган мекеме жүзѳгѳ ашыруусу керек.
7 Саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системала-рынын тазалоочу түзүлүштѳрүн эксплуатациялоо аны иштеп чыгуучу тарабынан берилүүчү тазалоочу түзүлүштѳрдү эксплуатациялоону тейлѳѳчү персонал техникалык жана технологиялык регламентке ылайык жүзѳгѳ ашыруусу керек.
8 Саркынды сууларды чыгаруунун жекече системалары үчүн тазалоочу түзүлүштѳрдү эксплуатациялоо аны иштеп чыгуучу тарабынан берилүүчү тазалоочу түзүлүштѳрдү эксплуатациялоону ээлик кылуучу техникалык жана технологиялык регламентке ылайык жүзѳгѳ ашыруусу керек.
9 Мониторингдин мезгилдүүлүгү, келип түшкѳн жана тазаланган агынды суулардын сапатынын кѳрсѳткүчтѳрүнүн жана технологиялык параметрлеринин тизмеси, буларды ар кыл типтеги тазалоочу түзүлүштѳрдү иштѳѳгѳ коё берүү мезгилинде жана эксплуатациялоо процессинде аныктап алуу зарыл, иштеп чыгаруучу тарабынан түзүлүүсү жана да текшерүүнүн жана кѳзѳмѳлдүн жергиликтүү органдары тарабынан бекитилиши керек.
6 Негизги түшүнүктѳр жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдеринде төмөнкү терминдер тиешелүү аныктамалар менен колдонулат:
1 коттедж: Бир батирдүү, жекече, жер участкасы менен айылдык турак үй (бир же эки кабаттуу үй).
2 коттедждер тобу: Экиден алтыга чейин үйлѳр.
3 ферма: Мал чарба азыгын товардык ѳндүрүү менен алектенген жеке чарба.
4 жеке кѳмѳкчү чарба: Үй малын, канаттууларды кармоону, жемиш бактарын ѳстүрүүнү жана бакчачылыкты камтыган жер участогу менен анча чоң эмес үй алдындагы чарба.
5 аз кабаттуу турак жай курулушу: Тѳрт кабатка чейинки турак үйлѳр.
6 агынды сууларды жекече жоюп четтетүү жана тазалоо: Өз алдынча турган үйлѳр үчүн агынды сууларды жоюп четтетүү жана тазалоо системасы, буларда адатта 10дон аз адам жашайт.
7 агынды сууларды борборлоштурулбаган жоюп четтетүү жана тазалоо: Эреже катары, 200 жашоочудан азыраак калкты камтуучу үйлѳрдүн, калк топторунун чектелүү саны үчүн агынды сууларды жоюп четтетүү жана тазалоо системасы.
8 борборлоштурулган саркынды сууларды чыгаруу жана агынды сууларды тазалоо: Эреже катары, 200 жашоочудан кѳбүрѳѳк калкты камтуучу үйлѳрдүн, калк топторунун чоң саны үчүн саркынды сууларды чыгаруу жана агынды сууларды тазалоо системасы.
А Тиркемеси
Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөнкү документтерге ченемдик шилтемелер колдонулган:
А.1 Ченемдик-укуктук актылар
«Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Постановление Правительства Кыргызской Республики от 31 января 2018 года № 68 «Об утверждении актов в области питьевого водоснабжения», Приложение 1;
«Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген «Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери, 3-тиркеме;
«Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген «Чарбалык, ичүүчү жана маданий сууларды пайдалануу үчүн суу объектилеринин сууларында химиялык заттардын жол берилген максималдуу концентрациясы” гигиеналык ченеми, 16-тиркеме;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежеси.
Эскертүү: Суу менен камсыздоо. Тышкы тармактар жана курулмалар КР КЧ 40-01:2023 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпа буйругуна ылайык), мамлекеттик тилдеги бул тиркемеде расмий тил менен айырмачылык бар.
А.2 Нормативно-технические документы
КР КЧ 30-01:2020 «Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландоо жана куруу»;
КР КЧ 40-02:2023 “Саркынды сууларды чыгаруу. Тышкы тарамдар жана курулмалар. Долбоорлоо ченемдери”;
КЧжЭ 2.04.01-85* Имараттардын ички суу түтүктөрү жана канализация;
КЧжЭ 3.05.01-85 Ички санитардык-техникалык системалар;
КЧжЭ 3.05.04-85* Тышкы тарамдар жана суу менен камсыздоо жана канализациялык курулмалар;
Кыргыз Республикасындагы айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана өнүктүрүү эрежелеринин жыйындысы, Мамкурулуштун 2016-жылынын 20-сентябрындагы № 7-нпа буйругу менен бекитилген;
СЭ 4630-88 Жер үстүндөгү сууларды булгануудан коргоонун санитардык эрежелери жана ченемдери;
СЭ 4690-88 Элдүү пункттардын территориясын сактоонун санитардык эрежелери;
КМС 21.40.02-96 Курулушта продукцияны сертификациялоонун тартиби;
Калктуу конуштарда суу менен камсыздоо жана канализация системаларын техникалык эксплуатациялоо эрежелери
МАМСТ 17.1.1.03-86 Жаратылышты коргоо. Гидросфера. Сууну пайдалануу классификациясы;
МАМСТ 17.1.1.04-80 «Жаратылышты коргоо. Гидрочѳйрѳ. Жер астындагы суулардын сууну пайдалануу максаттары боюнча классификациясы»;
ГОСТ 25150-82 Канализация. Терминдер жана аныктамалар;
ӨКС 106-951) Индивидуальные дома. Противопожарные требования (обозначенный 1) включен как справочный материал).
Эскертүү – Бул КЧны колдонууда шилтеме алынчу документтердин иш-аракеттерин текшерүү максатка ылайыктуу:
- жалпы колдонуудагы маалыматтык системада ‒ Кыргызстандарттын официалдуу сайтында, тийиштүү жылга стандартташтыруу боюнча документтердин кварталдык, жылдык Катологунда;
- курулуш боюнча «Курулуш каталогунун (КК)» Кыргыз Республикасынын территориясында тийиштүү жылга аракетте болуучу ченемдик документтеринде.
Эгер шилтемелик документ алмаштырылган (ѳзгѳртүлгѳн) болсо, анда бул КЧны колдонгон учурда алмаштырылган (ѳзгѳртүлгѳн) документ жетекчиликке алынганы ылайык. Эгер шилтемелик документ алмаштыруусуз жокко чыгарылган болсо, анда ага шилтеме берилгендеги жобо бул шилтеме тийиштүү болбогон бѳлүгүндѳ пайдаланылат.
Б тиркемеси
Б.1- таблица – Турак жай курулушу райондорунун суу менен камсыз кылуу системаларындагы үлүштүк
чыгымдоолор
| Милдеттердин жана керектѳѳчүлѳрдүн мүнѳздѳмѳсү | Ѳлчѳгүч | Суткалык, л | Сааттык, л | Прибордун сууну чыгымдоосу |
| ||||||
| Орточо | Максималдуу | Максималдуу | секундалык - л/с (сааттык - л/час) |
| |||||||
| жалпы суу | ысык суу | жалпы суу | ысык суу | жалпы суу | ысык суу | жалпы суу | ысык, муздак суу |
| |||
| qtot | qh | qtot | qh | qtoto.h.r | Qho.h.r | qtoto | qho (qco) |
| |||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| |
| Жекече үйлѳр (коттедждер): |
| ||||||||||
| Муздак жана ысык суусу, канализациясы бар, жуунгуч, душу менен ванна, жуугуч, унитаз менен жабдылган жекече (жергиликтүү) суу түтүгү | 1 жашоочу | 170 | 90 | 250 | 105 | 15.6 | 10.0 | 0.3 (300) | 0.2 (200) |
| |
Батирдик типтеги турак үйлѳр: |
| |||||||||||
Муздак жана ысык суусу, канализациясы бар, жуунгуч, узундугу 1,5–17 м ванна душу менен, жуугуч, унитаз менен жабдылган борборлоштурулган суу түтүгү | 1 жашллчу | 230 | 105 | 300 | 120 | 15.6 | 10.0 | 0.3 (300) | 0.2 (200) | |||
Муздак жана ысык суусу, канализациясы бар, жуунгуч, отуруучу ванна душу менен, жуугуч, унитаз менен жабдылган борборлоштурулган суу түтүгү. | 1 жашоочу | 210 | 90 | 280 | 110 | 14.3 | 9.2 | 0.3 (300) | 0.2 (200) | |||
Муздак суусу бар борборлоштурулган суу түтүгү, борборлоштурулган канализа-циясы, кѳп точкалуу суу алуусу, ыкчам газдык суу жылыткычы, ысык суусу менен, жуунгуч, ванна душу менен, жуугуч, унитаз менен жабдылган жергиликтүү суу түтүгү. | 1 жашоочу | 190 | *** | 250 | *** | 13.0 | *** | 0.3 (300) | 0.2 (200) | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
Муздак суусу бар борборлоштурулган суу түтүгү, борборлоштурулган канализа-циясы, бир точкалуу суу алуусу, ыкчам газдык суу жылыткычы, ысык суусу менен, жуунгуч, ванна душу менен, жуугуч, унитаз менен жабдылган жергиликтүү суу түтүгү. | 1 жашоочу | 170 | *** | 225 | *** | 10.5 | *** | 0.3 (300) | 0.2 (200) | |||
Муздак суусу бар борборлоштурулган суу түтүгү, борборлоштурулган канализа-циясы, бир точкалуу суу алуусу, идиштик катуу отундук суу жылыткычы, ысык суусу менен, жуунгуч, ванна душу менен, жуугуч, унитаз менен жабдылган жергиликтүү суу түтүгү. | 1 жашоочу | 140 | *** | 180 | *** | 8.1 | *** | 0.3 (300) | 0.2 (200) | |||
Муздак суусу, канализациясы бар борборлоштурулган суу түтүгү, газ менен камсыз кылынган, жуунгуч, жууп-тазалагыч, унитаз менен жабдылган. | 1 жашоочу | 110 | *** | 150 | *** | 7.0 | *** | 0.2 (50) | 0.2 (50) | |||
Муздак суусу, канализация-сы бар борборлоштурулган суу түтүгү, жуунгуч, жууп-тазалагыч, унитаз менен жабдылган. | 1 жашоочу | 95 | *** | 120 | *** | 6.5 | *** | 0.2 (50) | 0.2 (50) | |||
Муздак суусу, жергиликтүү канализациясы менен борборлоштурулган суу түтүгү, жуунгуч, жууп-тазалагыч, унитаз менен жабдылган. | 1 жашоочу | 90 | *** | 100 | *** | 6.5 | *** | 0.2 (50) | 0.2 (50) | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
Сезондук аракеттеги муздак суусу, жергиликтүү канализациясы менен борборлоштурулган суу түтүгү, жуунгуч, жууп-тазалагыч менен жабдылган. | 1 жашоочу | 80 | *** | 100 | *** | 6.5 | *** | 0.2 (50) | 0.2 (50) | |||
Сууну суу алуу түтүктѳрүнѳн колдонуу менен: |
| |||||||||||
Жыл бою туруктуу жашаганында (айылдык үйлѳр). | 1 жашоочу | 70 | *** | 90 | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Сезондуу жашаганында. | 1 жашоочу | 50 | *** | 80 | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Сууну үй жандыктарынын керектѳѳсү: |
| |||||||||||
Уйлар. | 1 баш | 80÷100 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
6 айга чейинки курактагы музоолор. | 1 баш | 20 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Жылкылар. | 1 баш | 60 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Тѳлү менен мегилжиндер. | 1 баш | 80 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Борго байланган жаш торопойлор жана чочколор. | 1 баш | 15 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Койлор жана эчкилер. | 1 баш | 10 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Тооктор, күрптѳр, каздар | 1 баш | 1÷2 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Кроликтер, норкалар, кундуздар | 1 баш | 3 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Сууну ѳрт ѳчүрүүгѳ керектѳѳ: |
| |||||||||||
Отко туруктуулугунан кѳз карандысыздыкта бийиктиги 2–3 кабат имарат курулушундагы ѳрт ѳчүрүү (ѳрттү ѳчүрүү убактысы – 3 саат). | 1 ѳрт | *** | *** | *** | *** | *** | *** | 5.0 | *** | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
Сууну бир жолку сугарууга керектѳѳ: |
| |||||||||||
Ачык абадагы отургузууларды сугаруу: |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
а) жашылчаларды | 1 м2 | 3÷10 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
б) жемиш дарактарын | 1 м2 | 6÷12 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Теплицалардагы айыл чарба ѳсүмдүктѳрүн сугаруу. | 1 м2 | 4÷6 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Газондорду жана гүлдѳрдү сугаруу | 1 м2 | 3÷5 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Тротуарлардын, жолчолор-дун ѳркүндѳтүлгѳн жабууларын сугаруу. | 1 м2 | 0.4÷0.5 | *** | *** | *** | *** | *** | *** | *** | |||
Эскертүүлѳр 1 Суунун үлүштүк чыгымдалыштары алып чыгылган ыңгайлуулуктар аныкталып берилди. Системалардын курамы жана санитардык приборлор ѳзгѳртүлгѳнүндѳ ченемдер орнотулган жабдууга ылайык корректировкалануусу керек. 2 Суунун сугарууга үлүштүк чыгымдалыштары бир жолку сугаруунун эсебинен берилди. Суткасына сугаруулардын санын климаттык шарттардан кѳз карандылыкта кабыл алган ылайык. 3 Жер асты булактарынан сууну кѳчѳлүк жана жолдук жабууларды, , жашыл отургузууларды сугарууга, автомашиналарды жана ѳндүрүштүк орун жайларды (тамак-аш жана фармацевтика ѳндүрүшүнѳн тышкары) түз агуу системаларында ж.б. жууганга пайдаланууга тыюу салынат. |
| |||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Б.2- таблица – Сууну андан ары пайдалануу арматурасынын жана санитардык приборлордун эсептик параметрлери
Ка-тар № | Санитардык-техникалык приборлор
| Суунун секунддук чыгымдоо (л/сек) | Суунун сааттык чыгымдоо (л/саат) | Жумушчу басым | Агымдарды чыгымдоо | Минималдык диаметрлер (мм) | |||||
жалпы | муздак суу | ысык суу | жал-пы | муздак суу | ысык суу | МПа (м суу басымы) | прибордон (л/с) | сууну тартып келген тутук | сууну алып кеткен тутук | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
1 | Жуунгуч, сууну андан ары пайдалануу краны менен кол жуугуч | 0,1 | 0,1 | *** | 30 | 30 | *** | 0,02 (2) | 0,15 | 10 | 32 |
2 | Ошол эле ооштуруучу кран менен | 0,12 | 0,09 | 0,09 | 60 | 40 | 40 | 0,02 (2) | 0,15 | 10 | 32 |
3. | Ооштуруучу кран менен жуугуч | 0,12 | 0,12 | 0,09 | 80 | 60 | 60 | 0,02 (2) | 0,6 | 10 | 40 |
4. | Ооштуруучу кран менен ванна, мунун ичинде ванна жана жуунгуч үчүн жалпы | 0,25 | 0,18 | 0,18 | 300 | 200 | 200 | 0,03 (3) | 1,1 | 10 | 40 |
5. | Суу жылытчу колонка жана ооштургуч кран менен ванна | 0,22 | 0,22 | *** | 300 | 300 | *** | 0,03 (3) | 1,1 | 15 | 40 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Б.1 таблицасынын аягы
Эскертүү: Калкынын саны 5000ге чейинки калктуу конуштарды жана рекреация объектилеринин саркынды сууларын чыгаруу. Долбоорлоо ченемдери (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетине караштууАрхитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарбамамлекеттик агенттигинин2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпабуйругуна ылайык), «Б.1 таблицасынын» саны кагаз вариантына ылайык.
Ка-тар № | Санитардык-техникалык приборлор
| Суунун секунддук чыгымдоо (л/сек) | Суунун сааттык чыгымдоо (л/саат) | Жумушчу басым | Агымдарды чыгымдоо | Минималдык диаметрлер (мм) | |||||
жалпы | муздак суу | ысык суу | жал-пы | муздак суу | ысык суу | МПа (м суу басымы) | прибордон (л/с) | сууну тартып келген тутук | сууну алып кеткен тутук | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
6. | Чакан түбү жана ооштургуч кран менен душ кабинасы | 0,12 | 0,09 | 0,09 | 100 | 60 | 60 | 0,03 (3) | 0,2 | 10 | 40 |
7. | Ооштургуч кран жана аэратор менен гигиеналык душ (биде) | 0,08 | 0,05 | 0,05 | 75 | 54 | 54 | 0,05 (5) | 0,15 | 10 | 32 |
8. | Жуучу челеги менен унитаз | 0,1 | 0,1 | *** | 83 | 83 | *** | 0,5 (5) | 1,6 | 8 | 85 |
9. | Жуучу кран менен унитаз | 1,4 | 1,4 | *** | 81 | 81 | *** | 0,08 (8) | 1,4 | 20 | 85 |
Эскертүү – Таблицада маалыматтар вентилдик арматура үчүн келтирилди, бир кармоочу жана термостатикасы менен ооштургуч кранды колдонууда 2, 3, 4, 6-п. боюнча чыгымдоолорду 15%га, жарым автоматтык арматураны 25%га, автоматтыкты 60%га азайтышат жана ѳлчѳѳлѳрдүн натыйжалары боюнча корректировкалашат. | |||||||||||