Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 17-июлу № 423-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Региондор аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Региондор аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Региондор аралык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 10-беренесин жетекчиликке алып,
Тараптардын өз ара аракеттенүү механизмин өркүндөтүү жана аны региондор аралык кызматташуунун сапаттык жаңы деңгээлине чыгаруу ниеттерине таянып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин биринчи абзацы "соода-экономикалык," деген сөздөрдөн кийин "инвестициялык, транспорт-логистикалык, энергетикалык," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-берененин экинчи абзацындагы "чек ара аймактарынын" деген сөздөр "региондордун" жана "квартал сайын" деген сөздөр "жылына бир жолу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин натыйжалуу чечүү жана өз мамлекеттеринин региондорунун ортосундагы мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин колдоосу астында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Региондор башчыларынын кеңешин бекитет.
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Региондор башчыларынын кеңешинин иши жөнүндө жобо Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.".
Макулдашуу ушул Протоколдун тиркемесине ылайык редакцияда толукталат.
3-берене.
Ушул Протокол күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкү документтер күчүн жоготот:
1) 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
2) Бишкек шаарында 2023-жылдын 27-январында кол коюлган 2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол.
4-берене.
Бул Протокол Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат жана Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, аны колдонуу мөөнөтүнө түзүлөт жана Макулдашуунун 11-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
Ташкент шаарында 2024-жылдын ____-июлунда эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Региондор аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Региондор башчыларынын кеңешинин иши жөнүндө ЖОБО
1. Региондор башчыларынын кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын административдик-аймактык бирдиктеринин жетекчилери кирет.
Региондор башчыларынын кеңеши өзүнүн жыйналыштарын региондордун форуму түрүндө өткөрөт, ага кызыкдар мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана ишкердик субъекттер катыша алат.
2. Региондор башчыларынын кеңешинин жыйналышында эгерде Тараптар башкача чечим кабыл албаса, аймагында кезектеги жыйналыш өтүп жаткан мамлекеттин Министрлер Кабинетинин Төрагасы/Премьер-министри төрагалык кылат.
3. Региондор башчыларынын кеңешинин жыйналыштарына Тараптардын макулдашуусу боюнча башка чакырылган адамдар катыша алат.
4. Региондор башчыларынын кеңеши зарылдыгына жараша туруктуу же убактылуу жумушчу топторду түзө алат.
5. Региондор башчыларынын кеңешинин жыйналыштары жылына бир жолудан кем эмес жана Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында кезеги менен өткөрүлөт.
Тараптардын региондорунун администрациялары Тараптардын тиешелүү координациялык органдарына Региондор башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйналышынын күн тартибине сунуштарды, ошондой эле талкуулоо пландалып жаткан маселелерди жана бул маселелер боюнча зарыл болгон маалыматтарды алдын ала жөнөтөт.
Региондор форумунун күн тартибин, программасын, концепциясын жана темасын, кол коюуга сунушталган документтердин долбоорлорун жана Региондор башчыларынын кеңешинин жыйналышынын башка материалдарын кабыл алуучу Тарап жыйналышка чейин бир айдан кечиктирбестен жөнөтүшү керек.
6. Кечиктирилгис маселелерди кароо үчүн Тараптардын биринин демилгеси боюнча Региондор башчыларынын кеңешинин кезексиз жыйналыштары чакырылышы мүмкүн.
Региондор башчыларынын кеңешинин кезексиз жыйналыштары демилгечи Тараптын аймагында же Тараптардын макулдашуусу боюнча өткөрүлөт.
7. Региондор башчыларынын кеңеши региондор аралык кызматташууга гана тиешелүү маселелерди карайт жана төмөнкү функцияларды аткарат:
региондор аралык кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча биргелешкен иш-чаралар пландарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
региондор ортосундагы бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин абалына туруктуу мониторинг жана талдоо жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамилелерди жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
ар тараптуу аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды даярдоо;
соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт-логистикалык, энергетикалык, айыл чарба жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана тереңдетүү;
инновациялар, илим, маданият, билим берүү, анын ичинде тилди өнүктүрүү, саламаттык сактоо, спорт, туризм чөйрөлөрүндө жана өз ара кызыкчылык туудурган башка чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду жана региондор аралык программаларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
региондук башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы адистер менен алмашуу;
келип чыккан маселелерди өз убагында чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
8. Региондор башчыларынын кеңешинин чечимдери консенсустун негизинде кабыл алынат жана зарыл болгон учурда Протокол түрүндө таризделет, ал эки нускада түзүлөт.
Региондор башчыларынын кеңешинин кабыл алынган чечимдерин аткаруу максатында кызыкдар министрликтер, ведомстволор жана уюмдар аларды ишке ашыруу боюнча пландарды же программаларды кабыл алышы мүмкүн.
Квартал сайын кабыл алынган Протоколдун пункттарынын, ошондой эле Региондор башчыларынын кеңешинин жүрүшүндө кабыл алынган башка пландардын жана программалардын сапаттуу аткарылышы жөнүндө маалымат координациялоочу органга жөнөтүлөт. Эгерде кандайдыр бир маселелер кечиктирилсе же аткарылбаса, аларды чечүү үчүн зарыл сунуштар берилет.
9. Кабыл алуучу тарап Региондор башчыларынын кеңешинин жыйналышын уюштурууга байланышкан чыгымдарды көтөрөт, аны өткөрүү үчүн зарыл маалыматтык, материалдык-техникалык, транспорттук жана башка уюштуруу шарттарын түзөт.
Эгерде Тараптар башка макулдашууга жетишпесе, жөнөтүүчү тарап Региондор башчыларынын кеңешинин жыйналыштарына катышуу үчүн өз делегациясын иш сапарга жиберүү боюнча чыгымдарды өзү тартат.
10. Региондор башчыларынын кеңешинин жыйналыштарын жүрүшүндө жана анын аралыгындагы ишин, ошондой эле региондор аралык кызматташууну төмөнкүлөр координациялайт:
кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
өзбек тараптан - Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги.
11. Региондор башчыларынын кеңеши өз ишинде Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Протоколду жетекчиликке алат.
12. Региондор башчыларынын кеңешинин жумушчу тилдери болуп кыргыз, өзбек жана орус тилдери саналат.