Ош облусунун Адилет башкармасынын коттоосунан 2006-жылдын 24-августунда № 10-3-06 болуп өткөн КАРАСУУ РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН БУЙРУГУ 2006-жылдын 21-августу № 189-б Жаныбарлардын кутурма оорусуна байланыштуу Шарк айыл өкмөтүнүн Беш-Бадам айылынын тургуну Матисаков Кубанычбектин короосуна кутурма оорусуна каршы чектөө коюу жөнүндө Райондук мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору С. Абдуллаевдинбилдирүүсүн угуп, Шарк айыл өкмөтүнүн Беш-Бадам айылынын тургуну МатисаковКубанычбектин уйу кутурма оорусуна күмӨн болуп, башын Ош облустукветеринардык лабораторияга жөнөткөндө 2006-жылдын 21-август күнү № 29экспертизада уйдун кутурма оорусу менен ооругандыгы аныкталгандыгынабайланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Ветеринария» мыйзамынын 34статьясынын жана «Жаныбарлардын кутурма оорусуна каршы күрөшүү кӨрсӨтмӨсүнүн» негизинде Буйрук кыламын: 1. Шарк айыл өкмөтүнүн «Беш-Бадам» айылынын тургуну МатисаковКубанычбектин уйу кутуруп кеткендигине байланыштуу короосуна чектөөкоюлсун. 2. Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкеримов М, жана ветеринардыкинспектору Сайдалимов М. жаныбарлар арасында кутурма оорусун болтурбоомаксатында алдын ала эмдөөнү өз убагында жургузуп, кароосуз калган ит-мышыктарды атып өлтүрүү үчүн атайын бригада түзүп, элдер арасындапрофилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана иттерди кандай кармоонунэрежелерин үйрөтүү милдеттендирилсин. 3. Карасу райондук мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору С.Абдуллаевке кутурма оорусуна каршы керектүү вакцина, залалсыздандыруучузаттар менен камсыз кылуу, атайын түзүлгӨн ветеринардык-санитардык ишчараларды толук жана өз убагында аткаруусу милдеттендирилсин. 4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Карасу райондукмамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары А. Махаммадовкожүктөлсүн. Карасуу райондук мамлекеттик Администрациясынын башчысы-аким М. Джумабеков. Карасуу райондук мамлекеттик администрациясына Маалымат: Карасуу райондук мамлекеттик ветеринардык башкармасы төмөндөгүлөрдүмаалымдайт. Карасуу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Беш-Бадам участкасында жайгашканКашкаркыштак автобазасынын кароолчусу, мал ээси Матисаков Кубанычбектинтүсү конур 5-жаштагы уйу 2006 жылдын 21-август күнү кутурма оорусуна күмӨнболуп, мергенчи Имамов Олектин жардамы менен атып өлтурулуп, өлүк ошол элежерде терендиги 2 метр ањ казылып, өрттөлүп көмүлдү. Мал турган жерлерхлорлуу акиташтын 5% эритмеси менен залалсыздандырылды. Бардыгы болуп 48 мчарчы жер аянты залалсыздандырылды. Үйдүн башын Ош облустук мамлекеттик ветеринардык лабораториягажөнөтүлгөн. Лабораториялык изилдөөдө үйдүн кутурма оорусу мененооругандыгы аныкталды экс № 29 22 август 2006 жылда. Үй менен байланышта болгон адамдар өз убагында Карасуу райондуксанитардык эпидемиологиялык борборго билдирилип, тийиштуу медициналыкжардам алышууда. Карасуу райондук мамлекеттик ветеринардык башкарма, Карасуу райондукмамлекеттик администрациясынан, Кыргыз Республикасынын «Ветеринария»мыйзамынын 34 статьясынын жана жаныбарлардын кутурма оорусуна каршыкүрӨшүү боюнча эреженин негизинде Матисаков Кубанычбектин кароосунакутурма оорусуна чектөө (карантин) коюулушун суранат. Башкарманын башчысы С. Абдуллаев