Ош облусунун Адилет башкармасынын каттоосунан 2006-жылдын 24-августунда № 9-3-06 болуп өткөн КАРАСУУ РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН БУЙРУГУ 2006-жылдын 21-августу № 188 Жаныбарлардын кутурма оорусуна байланыштуу Папан айыл өкмөтүнүн « Кызыл-Туу» айылынын тургуну Тешебаев Болуштун короосуна чектөө коюу жөнүндө Райондук мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору С. Абдуллаевдинбилдирүүсүн угуп, Папан айыл ӨкмӨтүнүн Кызыл-Туу айылынын тургуну ТешебаевБолуштун ити кутурма оорусуна күмӨн болуп, башын Ош облустук ветеринардыклабороторияга жөнөткөндө 2006-жылдын 18-август күнү №28 экспертизада иттинкутурма оорусу менен ооругандыгы аныкталгандыгына байланыштуу, КыргызРеспубликасынын «Ветеринария» мыйзамынын жана «Жаныбарлардын кутурмаоорусуна каршы күрөшүү көрсөтмөсүнүн» негизинде Буйрук кыламын: 1. Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын тургуну Тешебаев Болуштункороосуна кутурма оорусуна каршы чектөө коюлсун. 2. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Мырзабеков М. Жана ветеринардыкинспектору С. Насыровко жаныбарлар арасында кутурма оорусун болтурбоомаксатында кароосуз калган ит-мышыктарды атып өлтүрүү үчүн атайын бригадатүзүп, элдер арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жанакармоонун эрежелерин үйрөтүү милдеттендирилсин. 3. Карасуу райондук мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору С.Абдуллаевке кутурма оорусуна каршы атайын түзүлгөн ветеринардык-санитардыкиш чараларды толук жана өз убагында аткаруусу милдеттендирилсин. 4.Ушул буйруктун аткарьыышын көзөмөлдөө жагы Карасуурайондукмамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары А.Махаммадовкожүктөлсүн. Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Джумабеков. Карасуу райондук мамлекеттик администрациясына Маалымат Карасуу райондук мамлекеттик ветеринардык башкарма тӨмӨндӨгүлӨрдүмаалымдайт. Карасуу районун Папан айыл ӨкмӨтүнүн «Кызыл-Туу» айылынын тургунуТешебаев Болуштун Өзүнүн ити 2006-жылы 17-август күнү кызын тиштепалгандыктан, итти кутурма оорусуна күмӨндӨп, аргасыздан өлтүрүп, башын 18-август күнү Ош облустук ветеринардык лабораторияга жөнөткөндө, 2006-жылдын18-август күндӨгү № 28 экспертизада ит кутурма оорусу менен ооругандыгыаныкталды. Ит менен байланышта болгон адамдар өз убагында Карасуу райондуксанитардык- эпидемиологиялык борборго билдирип, тийиштүү "медициналыкжардам алышууда. Кутурма оорусу пайда болгон Тешебаев Болуштун короосундажана Кызыл-Туу айылында кутурмага каршы эмдөө жана ветеринардык-санитардыкиш чаралар аткарылууда. Карасуу райондук мамлекеттик ветеринардык башкарма, Карасуу райондукмамлекеттик администрациясынан, Кыргыз Республикасынын «Ветеринария»мыйзамынын жана жаныбарлардын кутурма оорусуна каршы күрөшүү боюнчаэреженин негизинде Тешебаев Болуштун короосуна чектӨӨ коюлушун суранат. Карасуу райондук мамлекеттик ветеринардык башкарманын башчысы: С.А.Абдуллаев