Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгына

ылайык күчүн жоготкон

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

УКАЗ

2004-жылдын 1-апрели ПЖ № 117

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын

28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук

органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына

толуктоо киргизүү тууралуу

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-пунктта "... башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын эларалык интеграция жана кызматташтык иштери боюнча министри," деген сөздөр кошулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, материалдык-техникалык жана башка маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- мурда кабыл алынган ченемдик актыларды ушул Жарлыкка ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдет Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

Кыргызской Республики

 

А.Акаев